Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:48

Индонезия: зилзаладан 80ден ашык адамдын өмүрү кыйылды


Ломбоктогу жер титирөө. 29-июль, 2018-жыл.
Ломбоктогу жер титирөө. 29-июль, 2018-жыл.

Индонезиянын Ломбок аралында 5-августта болгон катуу жер титирөөдөн кеминде 82 адам каза тапты. Күчү 7 баллга жеткен зилзаладан ондогон кишилер жарадар болуп, имараттар кыйраганын, электр энергиясы өчкөнүн ВВС кабарлады.

Бир жума мурун да Ломбок аралында жер титирөөдөн 16дан ашык кишинин өмүрү кыйылган.

Ломбок - туристтер үчүн популярдуу жер. АКШнын Геология кызматы жекшембидеги силкинүүнүн очогу бул аралдын түндүк жээктеринен 10 чакырым тереңдикте жайгашканын билдирди. Силкинүү Бали аралында да сезилген.

XS
SM
MD
LG