Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:04

Орусия АКШ товарлары үчүн импорттук алымды көбөйттү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия 5-августтан тартып АКШдан ташылган бир катар товарларга мамлекеттик алым киргизди. Негизинен жүк ташуучу автоунааларга, жол куруу техникасына, мунайгаз жабдуусуна, металлдарды иштетүүдө колдонулган аспаптарга бажы төлөмдөрү жогорулады.

"Прайм" агенттиги билдиргендей, Москва бул аркылуу Вашингтондун Орусиядан ташылган болот менен алюминийге мамлекеттик алым киргизгенине жооп кайтарды.

Мындан орусиялык экспортчулар 540 миллион доллар зыян тартаары болжолдонууда. Орусиялык кошумча мамлекеттик алымдардын көлөмү азыр жылына 88 миллион долларды түзөт.

Дүйнөлүк соода уюмунун эрежелерине ылайык, Орусия азырынча ушунча гана чектөө киргизе алат. Калган 450 миллион доллар үч жылдан кийин же ДСУнун чечими менен гана киргизилиши керек.

XS
SM
MD
LG