Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:02

Өзбекстанда милиция башкармалыгынын жетекчиси өлтүрүлдү


Дилшат Акрамов.
Дилшат Акрамов.

Өзбекстандын Ички иштер министрлигине караштуу Кайгуул-күзөт кызматы жана коомдук тартипти сактоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Дилшат Акрамовду өлтүрүп кетишти. "Азаттыктын" өзбек кызматы жергиликтүү маалымат булактарына таянып кабарлагандай, Акрамовдун сөөгү 4-августтун кечинде өзүнүн иш бөлмөсүнөн табылган.

Ички иштер министрлиги кабарлагандай, ал бычакталган. Кылмышты Башкы прокуратура иликтей баштады.

40 жаштагы Дилшат Акрамов аталган башкармалыкка быйыл июлдун башында жетекчи болуп дайындалган.

XS
SM
MD
LG