Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:38

"Авиа Траффик" Анталияга жетпей калган учак боюнча комментарий бере элек


"Авиа Траффик" компаниясынын сайтынан алынган сүрөт.
"Авиа Траффик" компаниясынын сайтынан алынган сүрөт.

"Авиа Траффик" компаниясы Бишкек-Анталия каттамындагы учак дарегине жетпей, артка кайтканы тууралуу түшүндүрмө бере элек. Компаниянын сапат боюнча менежери Станислав Неверов "Азаттыкка" комментарий кийинчерээк берилерин айтты.

5-августта 111 жүргүнчү менен Түркиянын Анталия шаарына жөнөгөн А-320 үлгүсүндөгү учак "Манас" аэропортуна кайра конууга аргасыз болгон. Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттиги мунун себеби иликтөөнүн жыйынтыгынан соң белгилүү болорун билдирген.

"Манас" эл аралык аэропортунун расмий маалыматына ылайык, учак саат 7.46да абага көтөрүлгөн. Кыймылдаткычтардын биринде мүчүлүштүк чыгып, 27 мүнөттөн кийин аба майданга кайра конгон.

"Авиа Траффик" компаниясынын бул учагы Түркияга чартердик каттам менен туристтерди ташып бараткан эле. Окуядан кийин компания жүргүнчүлөрдү башка рейс менен жиберүүнү чечкен.

29-июлда да "Авиа Траффиктин" Ош-Анталия багытында бараткан учагы 89 жүргүнчү менен абага көтөрүлүп, техникалык себептен улам кайра конгон.

Жарандык авиация агенттиги мунун чоо-жайын иликтеп, учактын бурамасы чыгып кеткенин, ал кадыресе көрүнүш экенин билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG