Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:48

Сигал АКШ - Орусия мамилесин оңдоо милдетин алды


Стивен Сигал Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугушууда. 3-сентябрь, 2017-жыл.
Стивен Сигал Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугушууда. 3-сентябрь, 2017-жыл.

Стивен Сигал Орусиянын Тышкы иштер минстрлигинин АКШ менен гуманитардык байланыштарды жүргүзүү боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды. Актер эки өлкө ортосунда маданият, искусство жана орус – америкалык жаштарды бири-бирине таанытуу программаларын өркүндөтүү боюнча иш алып барат.

5-августта Сигал тышкы иштер мекемесинин дайындоо жөнүндө жарлыгы жарыяланган соң "Твиттер" баракчасына “мен мындай милдетке өтө олуттуу мамиле кылам” деп жазды.

Америкалык актер жаңы дайындоого “терең ыраазы болуп, сыймыктанып турганын” билдирди.

Президент Путиндин Сигал менен менен мамилеси жакшы, 2016-жылы ага орус жарандыгы берилген.

Актёр Путиндин саясатын колдоп жүргөнү менен белгилүү. 2014-жылы Орусия Крымды каратып алганда Москванын таламын талашкан. Былтыр Киев америкалык актёрго "Украинага беш жыл бою кире албайт" деген чектөө койгон.

66 жаштагы Сигал Голливуддун ардагер актёру жана продюсери. Ал эки жыл мурун Сербияга барганда ага серб жарандыгы берилген.

2016-жылы күзүндө “Көчмөндөр оюндарына” конок болуп, Кыргызстанга келип кеткен.

XS
SM
MD
LG