Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:34

Кемпирабад суу сактагычына чөгүп кеткен өспүрүмдүн сөөгү табылды


Ысык-Көл.
Ысык-Көл.

Оштун Өзгөн районундагы Кемпирабад суу сактагычына чөгүп кеткен 13 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылды. Кырсык 5-августта болгон. Куткаруучулар аны 6-августта таап, туугандарына бергенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Андан тышкары, Таш-Көмүр шаарына караштуу Достук айылынын аймагынан өткөн Нарын дарыясына 4-августта чөгүп кеткен 30 жаштагы жергиликтүү тургун табыла элек. Издөө иштерине отуздан ашуу куткаруучу тартылган.

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда жыл башынан бери 104 киши сууга чөгүп каза болду. Алардын 80ден ашууну жай мезгилиндеги кырсыктар.

XS
SM
MD
LG