Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:40

Cенатор Рэнд Пол орусиялык депутаттарды АКШга чакырды


Америкалык сенатор Рэнд Пол орусиялык депутат Константин Косачев менен Москвада жолугушууда, 6-август, 2018-жыл.
Америкалык сенатор Рэнд Пол орусиялык депутат Константин Косачев менен Москвада жолугушууда, 6-август, 2018-жыл.

Москвага барган сенатор республикачы Рэнд Пол эки өлкө ортосунда диалог болушун колдойт жана Орусиянын Федерация кеңешинин мүчөлөрү менен жолукканда аларды АКШга чакырды.

«Мен өз ара алакалардын зарылдыгына ишенгендердин биримин» - деген сенатор Пол эки өлкөнүн маданий, мыйзам чыгаруу органдарынын байланыштарын арттырып, сүйлөшүү каналдарын көбөйтүүнү туура көрөт.

«Дүйнө - татаал. АКШ Сирияда жана башка аймактарда Орусия менен жанаша жүрөт. Менин Орусияга келген максатымдын бири диалогду калыбына келтирүү» - деди Пол.

Федерация кеңешинин Эл аралык мамилелер комитетинин төрагасы Константин Косачев америкалык сенатор менен жолугуп, АКШ – Орусия ортосундагы алаканы жолго коюуга Вашингтондун санкциялары тоскоол болуп жатканын белгиледи.

“Санкциялар чындап эле алакаларга бөгөт болууда, бирок алар кандай болсо дагы мамилелерди токтото албайт” – деди Косачев.

Орус медиасы Полдун айткандары тууралуу америкалык сенатор комитет мүчөлөрүн “Вашингтонго сүйлөшүүгө чакырды” деген кабар таратты.

Кентукки штатынын Сенаттагы өкүлү, республикачы Пол АКШ президенти Дональд Трамп менен жакын мамиледе жана анын Хелсинкиде орус лидери Путин менен жолугушуусун колдоп чыккан.

XS
SM
MD
LG