Кыргыз эл артисти, радио режиссер, актер Турсун Уралиев 6-августта 85 жашында катуу оорудан кийин дүйнөдөн кайтты.
Турсун Уралиев 1933-жылы Ысык-Көл облусундагы Ак- Суу районунун Кара-Жал айылында туулган. 1957-жылы Ташкент шаарындагы театралдык институтту аяктаган. Эмгек жолун Кыргыз мамлекеттик драма теарында актер болуп иштөөдөн баштаган.
1958-жылы КТРге режиссер болуп кабыл алынып, ал жерде 50 жылдан ашык үзүрлүү эмгектенди.
Турсун Уралиев Кыргыз радиосунун алтын казынасын түптөгөндөрдүн бири. Радиорежиссураны калыптандырып, өнүктүрүп, көптөгөн шакирттерди тарбиялаган. Ал кыргыз элине актер катары да белгилүү. Көптөгөн көркөм тасмаларда эпизоддук ролдорду мыкты аткарган.
Маркумдун сөөгү 8-августта Бишкек шаарында жерге берилет. (NT)