Токтогул ГЭСиндеги көмөк чордондун биринде мүчүлүштүк аныкталып, оңдолуп жатат. Авария болгону тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбей турганын "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Мүчүлүштүк чыккан көмөк чордон 15-июлдан бери сыноо режиминде иштеп жатат.
Оңдоо иштерин кытайлык "JOC Technical Engineering Co Ltd" компаниясы жүргүзүп жатат. Аталган компания ГЭСти реконструкциялап жаткандыктан, көмөк чордонду оңдоо да ошол ишкананын эсебинен болот.
Буга чейин Интернет булактарында аталган ГЭСте авария болуп, №1 трансформатор менен №1 гидроагрегат иштен чыкканы кабарланган.
Токтогул ГЭСи - Кыргызстандагы суу электр энергиясын өндүрүүчү эң ири энергетикалык жана ирригациялык ишкана. Станция Нарын дарыясына курулган. Ал төрт агрегаттан турат. (SE)