Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:50

Азия оюндарында кыргыз желегин Оңолбек Каныбек уулу көтөрүп чыгат


Президент Сооронбай Жээнбеков спортчулар менен.
Президент Сооронбай Жээнбеков спортчулар менен.

Индонезияда өтө турган XVIII жайкы Азия оюндарына Кыргызстандан 150 спортчу катышат. 7-августта президент Сооронбай Жээнбеков спортчулар менен жолугуп, улуттук курама команданын капитаны, балбан Каныбек Жолчубековго өлкөнүн желегин тапшырды.

Оюндардын ачылуу аземинде Кыргызстандын желегин волейболчу Оңолбек Каныбек уулу көтөрүп чыгары ушул жыйында маалым болду.

Спортчулардын машыгууларына, тамак-ашына, дары-дармегине, мелдеш өтчү шаарларга барууга мамлекеттен 20 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн.

Азия оюндарында кыргыз атлеттери спорттун 21 түрүнөн күч сынашат. Ал эми волейбол боюнча улуттук курама команда биринчи жолу катышууда. Мелдешке катышчулардын арасында футболчулар да бар.

Быйылкы Азия оюндарында балбандар Акжол Махмудов, Айсулуу Тыныбекова жана веложарышчы Евгений Ваккер да барат.

Индонезиянын Жакарта жана Паленбанг шаарларында өтчү оюндар 18-августта башталып, 2-сентябрда жыйынтыкталат. Спорттун 40 түрүнөн таймаштар өтүп, 462 медалдар топтому ойнотулат.

2014-жылы Кореяда өткөн Азиадада кыргыз спортчулары 6 байге уткан. Веложарыштан Евгений Ваккер, эркин күрөштөн Могамед Мусаев күмүш, балбандар Жанарбек Кенжеев, Эламан Догдурбек уулу, Айсулуу Тыныбекова жана боксчу Турат Осмонов коло медалдардын ээси болгон.

XS
SM
MD
LG