Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:39

Казакстан үч жараны АКШда кармалганын ырастады


Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин имараты.
Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин имараты.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги АКШда алдамчылык боюнча шектүү катары үч казакстандык аял кармалганын ырастады.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, 1994-, 1991-жылдары туулган эки казак жараны тергөө бүткүчө камакта болот. 1970-жылкы дагы бир жаран ден соолугуна байланыштуу эч жакка чыкпаганга милдеттенген тилкаттын негизинде бошотулду.

24-июлда АКШнын Юстиция министрлиги бул иш боюнча баш-аягы 25 киши, анын ичинде Казакстандын, Азербайжандын, Грузиянын, Латвиянын, Түркиянын, Украинанын жана АКШнын жарандары айыпталып жатканын билдирген.

Маалыматка караганда, айыпталуучулар Интернетке автоунаа сатыла тургандыгы жөнүндө жарыяларды жайгаштырып, алдангандардан алынган акчаны жалган компаниялар аркылуу АКШнын сыртына которуп турушкан. Бул схема 2016-жылдын ноябрынан 2018-жылдын июлуна чейин иштеп келгени кабарланууда. Шектүүлөр мындай жол менен төрт миллион долларга жакын акча табышкан.

"Алдамчылык" жана "Акчанын изин жашыруу" беренелери боюнча айыпталып жаткан шектүүлөр 20 жылдан 30 жылга чейин түрмөгө кесилиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG