Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:03

Бишкекте бактарды кыюуга каршы чыккан активист камалды


Бактарды кыюуга каршы чыккан активисттерди кармоо. 2017-жыл, 2-июнь.
Бактарды кыюуга каршы чыккан активисттерди кармоо. 2017-жыл, 2-июнь.

Кыргызстандын Жашылдар партиясынын мүчөсү, активист Александр Толмачевдун "бейбаштык кылды" деген айып менен беш суткага камалышын аталган партиянын лидери Эркин Булекбаев адилетсиздик деп атады. Толмачев 4-августта Бишкекте Баялинов жана Махатма Ганди көчөлөрү кесилишкен жерде дарактарды кыюуга каршылыгын билдирип, акцияга катышкан.

Ал күнү "Жашылдандыруу курулуш" ("Зеленстрой") ишканасы жолду оңдош үчүн дарактарды кыйып жаткан. Буга нааразылык билдирген беш активист каршылык акциясын уюштурган. Милицияга "Жашылдандыруу курулуштун" өкүлү арызданып, бир канча адам кармалган. Айрымдары суракка алынып, бошотулган. 5-августта Биринчи май райондук соту Толмачевду беш суткага камоо тууралуу чечим чыгарган. Учурда ал шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында экени айтылды. Шаардык милициянын басма сөз кызматынын өкүлдөрү мындан кабарсыз экенин билдиришти.

Дарактарды кыюуга каршы былтыр да бир канча ирет нааразылык акциялары уюштурулуп, милиция аралашкан учурлар болгон.

Мэрия жетекчилиги муну аргасыз кадам деп, кыйылган бак-теректин ордуна жетиден 15ке чейин көчөт тигилип жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG