8-августта Кыргызстандын тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында түнкүсүн 18...23, күндүз 32...37,
Талас жергесинде түнкүсүн 12...17, күндүз 30...35,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 12...17, күндүз 25...30,
Нарын облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 28...33,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1...+4, күндүз 13...18 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн абанын температурасы 21…23, күндүз 35…37 градуска жогорулайт.