Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:48

Медиа: Лондон Скрипалга кол салгандар боюнча Москвага кайрылат


Мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипалдын Солсбери шаарындагы үйү.
Мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипалдын Солсбери шаарындагы үйү.

Британия мурдагы орусиялык тыңчы Сергей Скрипаль менен анын кызы Юлияны ууландырды деп шек саналган эки орус жаранын Лондонго өткөрүп берүү тууралуу өтүнүчүн Москвага жөнөткөнү жатат. Бул жөнүндө британиялык "Guardian" басылмасы өкмөттөгү жана коопсуздук кызматтарындагы өз булактарына таянып кабарлап чыкты.

Гезиттин 6-августта жарыяланган макаласында айтылгандай, британиялык прокурорлор экстрадиция тууралуу өтүнүчтү даярдап бүтүштү. Орусиянын Лондондогу элчилиги азырынча британ тараптан эч кандай расмий өтүнүч келип түшө элек экенин билдирди.

"Guardian" кабарлагандай, Скрипалдардын ууландырылышы боюнча иликтөөгө жүздөгөн полиция жана чалгын кызматкерлери катышкан. Алар окуянын алдында Британияга келген эки орус жаранынын өлкөдөн чыгып кеткенге чейинки бардык кадамдарын иликтеп чыгышкан.

Британиянын Ички иштер министрлиги жана прокуратура кызматы бул кабар боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Өткөн айда британиялык "Press Association" жаңылыктар агенттиги да британ тергөөчүлөрү Скрипалдарды ууландыргандар аныкталды деген ишенимде турганын кабарлаган. Аталган агенттик мурдагы орус тыңчысы менен анын кызынын "Новичок" уулуу заты менен ууландырылышына эки орусиялык тартылганын өз булактарына таянып билдирген.

Март айында ууландырылган Сергей Скрипаль жана анын кызы Юлия бир нече аптага созулган дарылануу курсунан кийин кайра эсине келип, жакында ооруканадан чыгышкан.

XS
SM
MD
LG