Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:51

Таластагы өрттү өчүрүүгө 500 киши тартылды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Таластагы Алмалуу жайлоосунда, Казакстан менен чектеш аймакта болжол менен 1000 гектар жерди каптаган өрттү өчүрүүгө 500 киши тартылды. Өрт үч жолу өчүрүлгөнүнө карабай, кайра тутанып жатат. Жергиликтүүлөр буга казак тараптан келген шамал себеп болуп жатканын айтышты.

Вице-премьер-министр Кубатбек Боронов “Азаттыкка” билдиргендей, кыргыз өкмөтү Казакстанга кайрылып, өрткө каршы биргелешип күрөшүүгө чакырганы жатат:

- Өзгөчө кырдаалдар министри бүгүн Таласка жөнөп кетти. Өкмөт башчы да тийиштүү тапшырмаларды берди. Мен министр менен байланышып, казакстандык кызматташтарга кайрылыш керек экенин айттым. Алар өз тарабын өчүрүшү керек.

Өрт алган жердин көп аянты жайыт, 20 гектарга жакыны токой чарбасына таандык.

28-июлда башталган тилсиз жоо менен Талас облусунун бир канча районунун өрткө каршы кызматтары күрөшүүдө. Ошондой эле милициянын, токой чарбасынын, техникалык лицейдин кызматкерлери, жергиликтүү тургундар кошулган. (SE)

XS
SM
MD
LG