Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:08

Медведев Грузиянын НАТОго кошулуу дымагын сындады


Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев.
Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев.

Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев Грузиянын НАТОго кошулуусу "коркунучтуу" жаңы жаңжалга алып келиши мүмкүндүгүн эскертти.

Ал "Коммерсантъ FM" радиостанциясына курган маегинде Түндүк атлантикалык аскердик альянстын Грузияны мүчөлүккө кабыл алуу планын "толугу менен жоопкерчиликсиз" жана "тынчтыкка коркунуч туудурган" кадам деп мүнөздөдү. Медведевдин соңку эскертүүсү орус-грузин согушунун 10 жылдыгы белгиленип жаткан учурга туура келди.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг өткөн айда Брюсселдеги жыйында Грузиянын уюмга кошулуу аракетин кубаттап, бирок бул өлкө НАТОго качан мүчө болоорун айткан эмес.

2008-жылдын 7-августунан 8-августка караган түнү Тбилисинин күчтөрү Түштүк Осетияны Орусия колдогон жикчилдердин көзөмөлүнөн бошотуу аракетин көргөн. Бирок Москва бул аймакка кошумча күчтөрүн киргизген. Беш күндүк согуштун арты грузиндер өзүнүн жикчил аймактары катары санаган Түштүк Осетияны жана Абхазияны Орусия көз карандысыз өлкө катары таанышына алып барган эле.

Август айынын башында Грузиянын президенти Гиоргий Маргвелашвили өлкөнүн бир бөлүгүн оккупациялагандыгы үчүн Орусияны кайрадан айыптады.

XS
SM
MD
LG