Президент Сооронбай Жээнбеков 7-августта кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргызстанды Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин курамы өзгөрдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.
Жарлыкка ылайык, парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматов улуттук кеңештин курамына кошулду.
Калган курам өзгөрүүсүз калды. 25 кишиден турган кеңешке президент Сооронбай Жээнбеков төрагалык кылат. Тизмеде спикер Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев, Жогорку сот төрайымы Айнаш Токбаева, Жогорку Кеңештеги калган беш фракциянын лидерлери, президенттик аппараттын жетекчиси, Коопсуздук кеңешинин катчысы, башкы прокурор, БШК төрайымы, Улуттук банктын, Эсептөө палатасынын төрагалары, экономика, финансы министрлери, Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун, "ЭкоПартнер" консалтингдик юридикалык компаниясынын, "Жарандык Платформа" коомдук фондунун, "Жер Азыгы" ассоциациясынын жетекчилери, өкмөт алдындагы Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин катчысы, Бизнес ассоциациялардын улуттук альянсы, Өнүгүү саясаты институтунун башчылары кирет.
Президенттик аппараттын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Нурсулуу Ахметова Улуттук кеңештин катчысынын милдетин аткарат. (NT)