Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:59

Ысык-Көлдө “Мекендештер” форуму башталат


2016-жылы Ошто өткөн "Мекендештер" форуму.
2016-жылы Ошто өткөн "Мекендештер" форуму.

Ысык-Көлдө бүгүн чет жактагы кыргызстандыктардын башын бириктирген “Мекендештер” форуму башталат.

Иш-чара Чолпон-Атадагы Чыңгыз Айтматов атындагы “Рух Ордо” маданий борборунда болот. 9-августка чейин улана турган форумга экс-президент Роза Отунбаева, министрлер, депутаттар, өкмөт өкүлдөрү жана 23 өлкөдөн келген мигранттар, жалпысынан 300дөй адам катышаарын уюштуруучулар билдиришти.

Эки жылда бир жолу өтүүчү "Мекендештер" форуму быйыл төртүнчү ирет уюштурулууда. Быйыл ага президент Сооронбай Жээнбеков да бараары айтылган. Муну менен иш-чара уюштурулгандан бери ага президент биринчи жолу катышмакчы.

Форумда сыртта жүргөн мекендештердин Кыргызстандын аймактарына кошкон салымы тууралуу талкуу, диалог болот.

“Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фонду уюштуруп келген “Мекендештер” форумуна ар кайсы мамлекетте жашап, иштеп жаткан кыргызстандыктар чогулат. Иш-чара 2012-жылы жана 2014-жылы Бишкекте, 2016-жылы Ош шаарында өткөн.

7-августта Ысык-Көлгө топтолгон форумдун катышуучулары теле алып баруучу Ассоль Молдокматова продюсерлик кылган Чыңгыз Айтматовдун "Жамиля" повестинин негизинде даярдалган спектаклди көрүштү. (NT)

XS
SM
MD
LG