Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:44

Мэр шайлоо: активисттер фракциялардын сөлөкөтүн таштандыга ыргытышты


Окуя учурунда тартылган сүрөт.
Окуя учурунда тартылган сүрөт.

Бишкекте жарандык активисттер шаардык кеңештеги фракциялардын аталышы жазылган сөлөкөттөрдү таштандыга ыргытышты. Алар мэрликке Азиз Суракматовдун шайланышына нааразылык иретинде ушундай кадамга барышты.

8-августта шаардык кеңеште мэр шайланып жаткан учурда сыртта активисттер каршылык акциясын уюштурду. Алар баш калаанын башчылыгына КСДП фракциясы гана талапкер көрсөткөнүн сындап, башка фракцияларды "алсыз" деп айыпташты.

Колдоруна шаардык кеңешке нааразылык билдирген жазууларды, фракциялардын аты жазылган сөлөкөттөрдү көтөрүп, депутаттарды таратууну талап кылышты.

Активисттер мэрликке талапкерлиги көрсөтүлгөн Азиз Суракматов кыргыз тилин жакшы билбесе да сынактан өткөнүнө нааразы болуп жатышат. Пикеттин уюштуруучусу Канышай Мамыркулова Мамлекеттик тил комиссиясын сотко берерин билдирди.

Талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо максатында түзүлгөн комиссия Азиз Суракматовду бир добуштан "кыргыз тилин билет” деген чечим чыгарган. Бирок анын дилбаянында кетирген каталары социалдык тармакка тарап, шакабага айланды.

8-августта шаардык кеңеш көпчүлүк добуш менен Суракматовду мэр кылып шайлады. Шаардык кеңеште беш фракция бар - КСДП, "Өнүгүү-Прогресс", "Республика - Ата Журт", "Кыргызстан" жана "Мекеним Кыргызстан".

XS
SM
MD
LG