Ирактын премьер-министри Хайдар-Ал-Абади АКШнын Иранга киргизген санкцияларына макул эмес экенин билдирип, бирок Багдад өз өлкөсүнүн кызыкчылыгы үчүн аларды аткараарын айтты.
“Жалпысынан биз аймактагы санкцияларга каршыбыз. Блокадалар менен санкциялар режимдерди алсыратпай эле коомду талкалайт” – деди ал Багдаддагы басма сөз жыйынында.
“Биз санкцияны стратегиялык ката жана туура эмес деп санайбыз, бирок аларды өз элибиздин кызыкчылыгы үчүн сактайбыз” – деди Ирактын премьери.
Кошмо Штаттардын президенти Тегеран менен кызматташкан компанияларга АКШнын аймагында иш жүргүзүүгө тыюу салган.
Ирак Саддам Хусейндин тушунда 12 жыл бою экономикалык санкцияларга дуушар болгон.
Ирак - Ирандан эң көп товар сатып алган экинчи чоң өлкө, былтыр алардын ортосундагы соода жүгүртүү алты миллиард долларга жеткен.
Ирак Ирандан электр энергиясын да импорттойт. Быйыл Ирандагы энергетикалык кризистен улам жеке менчик компаниялар Ирактын кара майга бай Басра провинциясын жарыксыз калтырган.