Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:48

Ошто 20дан ашуун ишкерге эскертүү берилди


Эреже бузуп курулган күркөлөр.
Эреже бузуп курулган күркөлөр.

Ош шаарындагы борбордук көчөлөрдө эреже бузуп дүкөн жана кичи кафе курган 20дан ашуун адамга эскертүү берилди. 7-8-август күндөрү Ош аймактык шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынын адистери текшерүү жүргүзгөнүн мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта Бабараимов көчөсүндө, Навои, Масалиев көчөлөрүндө күркөлөр, тамактануучу жайлар мыйзамсыз курулуп, кызыл сызыктан чыгып кеткени айтылат. Эреже боюнча дүкөндөр менен жолдун же тротуардын ортосундагы аралык эки метр болушу керек.

Курулуш ээлери бир ай ичинде талаптарды аткарбаса, дүкөндөр сүрдүрүлүп, ишкерлерге айыппул салынат.

XS
SM
MD
LG