Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:13

Беларуста дагы журналисттер кармалды


Полиция "TUT.be" маалымат агенттигинин кеңсесин тинтүүдө. 7-апрель, 2018-жыл.
Полиция "TUT.be" маалымат агенттигинин кеңсесин тинтүүдө. 7-апрель, 2018-жыл.

Минскте "мамлекеттик “БелТА” жаңылыктар агенттигинен мыйзамсыз жолдор аркылуу маалымат алган" деген шек менен бир нече журналист суракка чакырылып камалды.

Кыймылсыз мүлк сатып, ижарага берип иштеген “Realt.by” интернет-сайтынын кызматкерлери башкы редактор Владислав Кулецкий, журналисттер Игорь Хмара, Мария Сорока жана Алена Масловская Тергөө комитетине суракка чакырылып, камалганын айтышты.

Шаршембиде полиция алардын компьютерлерин конфискациялаган.

Төрт журналист “БелТАга” байланыштуу иштин алкагында суралып жатканы айтылган.

“Сельская Гаспадарка” журналынын мурдагы кабарчысы Алексей Жуков аялы Арина Семичкина менен шаршембиде кармалды. Журналист Ольга Шестакова "Азаттык" радиосуна жубайлар Минскинин сыртындагы кыштакта кармалганын ырастады. Алар эмне үчүн кармалганы азырынча белгисиз.

7-августта полиция Беларустагы эки эркин медианын кеңсесине тинтүү жүргүзгөндөн кийин беш аял журналист кармалды. Полициянын маалыматына караганда, "Tut.by" жана "БелаПАН" агенттиктеринин журналисттери мамлекеттик "БелТА" кабарлар агенттигинин маалыматын мыйзамсыз жол менен алган.

"Tut.by" агенттигинин негиздөөчүсү Юрий Зиссер иштин "саясат өңүтү" бар экенин айтты.

XS
SM
MD
LG