Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:49

Москва: "кыргызстандыктар жапырт мушташты" деген окуя иликтенип жатат


Москва шаары.
Москва шаары.

"Орусиянын борбору Москва шаарында кыргызстандыктар жапырт мушташты" деген окуянын чоо-жайы иликтенүүдө. Окуя 4-августта Москванын Добрынин метросунун жанында болгонун Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги ырастады.

Маалыматка караганда, ооруканалардан бул окуянын катышуучулары кандайдыр бир жаракат менен түшкөнү тууралуу кабар берилген эмес.

Учурда укук коргоо органдары окуяга катышкандарды жана анын себебин аныктоого аракет кылып жатышат.

Элчилик аталган метронун тегерегинде кыргызстандыктардын жүрүм-турумуна нааразы болгон кайрылуулар мурда да болгонун, арыздардын көбөйүшү мигранттарга терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин эскертти. Ал кыргызстандык жарандарды Орусиянын мыйзамдарын сактоого чакырды.

6-7-августта Москвада кыргызстандыктар аралашкан жапырт мушташ болгону, ага спорт клубдарынын өкүлдөрү катышканы тууралуу маалыматтар тараган.

Орусиялык маалымат каражаттары Добрынин метросунун жанындагы калайман мушташка 40тай киши катышканын, күбөлөр алардын көбү таксисттер экенин айтканын жазып чыгышкан.

Окуя тартылган видео Интернетке да жарыяланган, анда метронун жанында ондогон киши чогулганы көрсөтүлгөн. Чогулгандар 6-7 мүнөттүн ичинде тарап кеткени жана таксисттер экени кабарланган. Видеодо чогулгандардын катуу мушташканы байкалган эмес. (NT)

XS
SM
MD
LG