Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:31

Журналисттерди сөккөн кызматкердин аракети комиссияда каралууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коомдук телеканалдын (КТРК) журналисттерин сөгүп, акаарат айткан мамлекеттик кызматкердин аракетин комиссия териштирип жатат. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдиргендей, КТРКнын кабарчылары Интернетке жарыялаган видео талданууда. Мекемедеги этика боюнча комитет видеодо журналисттер менен кайым айтышып, жаман сөздөрдү айткан кызматкерге кандай чара колдонууну 9-августта аныктайт.

КТРКнын кабарчысы Бурулай Пусурманкулова 8-августта Интернетке видео жарыялаган. Анда Бишкек мэриясына караштуу Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын өкүлү, Рустам аттуу кызматкер журналисттерге катуу сөз айтып, кагып-силккени жана сөккөнү тартылып калган.

Пусурманкулова "Азаттыкка" Бишкектин Коммунаров көчөсү - 14 дарегиндеги мыйзамсыз курулуш жана жергиликтүү жашоочулардын нааразылыгы тууралуу сюжет тартууга барышканын, ал жерге бул талаш-тартыш тууралуу түзүлгөн комиссиянын мүчөлөрү да жыйын өткөрүү максатында келгенин билдирди.

Комиссиянын курамына кирген Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын өкүлү, Рустам аттуу кызматкер андан маалымат сурап атканда кыжырданып, операторду коркутуп киргенин, ага аралашкан өзүнө да акаарат келтиргенин кошумчалады.

Азырынча кызматкердин фамилиясы белгисиз. Ал журналисттер жарыялаган видеого комментарий бере элек. Мэриянын басма сөз кызматы анын ысымы жана кандай жаза алганы тууралуу маалымат кийинчерээк берилээрин кабарлады. (NT)

XS
SM
MD
LG