Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоого байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында "Коррупция" беренеси менен айыпталып кармалгандардын арасында Кытайдын TBEA компаниясынын өкүлү Мусажан Макелек да бар экени белгилүү болду.
Бишкектин Биринчи май райондук соту 8-августта Мусажан Макелектин камактагы мөөнөтүн 13-октябрга чейин узартты. Жогорку соттун басма сөз кызматы билдиргендей, аны менен чогуу айыпталып, камалган экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге, "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазовго, "Улуттук энергохолдинг" компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевге жана анын орун басары Жолдошбек Назаровго карата да ушундай эле чечим чыкты. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган бул кызматкерлердин камактагы мөөнөтү УКМК тергөөчүлөрүнүн өтүнүчү менен узартылды.
Мусажан Макелек - кытайлык кыргыз жазуучусу Макелек Өмүрбайдын уулу. Ал Кытайдын TBEA компаниясынын Кыргызстандагы өкүлү болуп иштеп келген.
ЖЭБди модернизациялоо иши 2014-жылдын апрелинде башталып, былтыр августта аяктаган. Ага 386 миллион доллар кеткени кабарланган. Бул каражатты Кытайдын Экспорт-импорт банкы насыя катары берип, модернизация иштерин TBEA компаниясы жүргүзгөн.
Быйыл 26-январда Бишкектеги Жылуулук электр борборунда авария болуп, -20 градустан ашкан катуу суукта абоненттерге беш күн бою жылуулук берилбей калган. Бул кырдаал жарым жыл мурун модернизацияланган жылуулук электр борборуна карата сын пикирлерди күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганы суроо жараткан. Бул боюнча Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси ("Коррупция") менен иш козгоп, тергөөнү УКМК жүргүзгөн.
ЖЭБдеги авария жана модернизациялоодогу коррупция боюнча жалпысынан төрт кылмыш иши козголуп, быйыл марттан бери мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев баш болгон 15тей киши камакка алынды. (NT)