Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:39

Нарында бийликке нааразы болгон айылдык кеңеш өзүн өзү таратты


Нарын облусундагы эстеликтердин бири.

Нарындын Ат-Башы районундагы Кара-Суу айылдык кеңеши жергиликтүү бийликтин ишине нааразылык иретинде өзүн өзү таркатты. Бул айылдык кеңештин төрагасы Жаныбек Иманкулов "Азаттыкка" билдиргендей, 8-августта 21 депутаттын 14ү ушундай чечимге кол коюшту.

Иманкулов буга чейин айыл өкмөтүнүн жетекчилиги каржылык мыйзам бузууга жол бергени тууралуу прокуратурага жана жогорку бийликке кат жибергенине карабай, чара көрүлбөгөндүктөн ушундай кадамга барууга аргасыз болгонун айтты. Анын айтымында, эл өкүлдөрү жергиликтүү бийликтеги сатып алууга байланыштуу жүз миң сомдон ашуун каражат кымырылганын аныкташкан.

Айыл өкмөт башчысы Шекербек Кабаев муну куру доомат деп, мыйзам бузуу болбогонун белгилеп, депутаттар жакында эле алты айлык отчетту жакшы эле кабыл алышканын айтты.

Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү маселенин чоо-жайын такташ үчүн 9-августта аталган айыл өкмөттө жыйын болорун билдиришти. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (7)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG