Бишкектеги мурдагы эт комбинатында 5 миң квадрат метрди каптаган өрт өчүрүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы өрттү өчүрүүгө беш бөлүм, милиция кызматкерлери жана "Тазалык" ишканасынын адистери катышканын маалымдады.
Москва жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде мурдагы эт комбинатынын имаратында өрт 9-августта саат 4:53дө чыгып, саат 11:23тө толук өчүрүлгөн.