Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:40

Тажикстанда 10 эркекке ВИЧ жуктурган аял түрмөгө кесилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Хатлон облусундагы Шаартуз райондук соту 10 эркекке ВИЧ инфекциясын жуктурган, сойкулук менен акча тапкан аялды бир жылга эркинен ажыратты.

Аты-жөнү А.З. деп шарттуу белгиленген аял "өзү жыныстык кызмат көрсөткөн бир нече эркекке илдет жугузган" деп айыпталды.

Сот залында айыпкер "мындан ары сойкулукка барбайм" деп убада берип, кечирим сураган. Сот анын үй-бүлөлүк оор шартын эске алып, өкүмүн жумшартты.

Шаартуз районунун прокурору Үмөт Каримзоданын айтымында, мыйзамда мындай кылмыш үчүн эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Жазага тартылган аял 30 жашта, эки баланын энеси. Күйөөсү менен ажырашкандан кийин сойкулук кылып, акча тапкан. Ал 2014-жылдан бери жергиликтүү СПИД борборунда каттоодо турат.

Коркунучтуу илдетти жугузуп алгандар - негизинен жергиликтүү бойдок жигиттер.

Тажикстанда "ВИЧти массалык түрдө жугузган" деген айып менен биринчи киши жазага тартылды.

Хатлон облусунда үч миңдей киши ВИЧ илдетин алып жүрүүчүлөр катары каттоодо турат. Алардын миңге жакыны аялдар, көбү баңгилер жана сойкулар.

XS
SM
MD
LG