Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:51

Орусия АКШнын жаңы санкциясын "өтө катаал” деп баалады


АКШ менен Орусиянын президенттери Дональд Трамп жана Владимир Путин Хелсинкидеги жолугушууда. 16-июль, 2018-жыл.
АКШ менен Орусиянын президенттери Дональд Трамп жана Владимир Путин Хелсинкидеги жолугушууда. 16-июль, 2018-жыл.

Британияда мурдагы орус тыңчысы менен анын кызынын ууландырылышына байланыштуу Орусияга санкция салаарын АКШ ​шаршембиде жарыялады. Скрипалдарды ууландырууга эч тиешеси жок экенин билдирген расмий Москва Вашингтондун мындай ниетин кескин сындап жатат.

Вашингтондогу орус элчилиги АКШнын жаңы чараларын "өтө катаал" деп мүнөздөп, "Скрипалдарды ууландыруунун артында Москва турат" деген дооматтар негизсиз экенин билдирди. Элчилик 8-августта жарыяланган билдирүүсүндө Вашингтон да, Лондон да бул дооматтарды бышыктаган бир да далил көрсөтө албаганын сынга алган.

Вашингтондун жаңы кадамы рублдин курсунун жана орус биржаларындагы акциялардын арзандашына себеп болду. Санкциялар тууралуу кабардан кийин орус рубли 3,1% наркын жоготуп, учурда бир доллар 65,55 рублга барабар деп бааланды. Бул орус валютасынын 2016-жылдын ноябрь айынан берки эң төмөнкү көрсөткүчү. Буга кошумча Москвадагы РТС биржасындагы акциялардын баасы 3% арзандады.

XS
SM
MD
LG