Йеменде Сауд Арабиясынын күчтөрүнүн абадан урган соккусунан кеминде 29 бала курман болуп, отузу ар кандай жараат алганын ВВС кабарлады.
Чабуул бейшембиде Йемендин түндүгүндөгү козголоңчулар көзөмөлдөгөн Саада шаарына коюлган.
Эл аралык Кызыл чырым уюму билдиргендей, операция маалында алар түшкөн автобус Дахьян базарынан өтүп бараткан. Каза тапкан жана жарадар болгондордун көбү жашы он бешке жетпейт.
Йемендин хусит-козголоңчулар башкарган Саламаттык сактоо министрлиги чабуулда бери дегенде 41 киши өлүп, 61и жарадар болгонун кабарлады.
Хуситтерге каршы күрөштө Йемендин өкмөтүн колдогон Сауд Арабиясы башында турган коалиция күчтөрү өз аракети мыйзамдуу экенин жана карапайым жарандарды атайлап бутага албай турганын билдирип жатат. Укук коргоо уюмдары коалиция күчтөрүн "базарларды, мектептерди, ооруканаларды жана эл жашаган райондорду бомбалап жатат" деп, буга чейин бир нече ирет айыптаган.