Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:29

Сапар Исаковдун адвокаты Жогорку сотко даттанат


Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен Жогорку сотко арыз жиберилет. Адвокат Нурбек Токтакунов "Азаттыкка" билдиргендей, 10-августта Бишкек шаардык сотунун чечими колго тийиши керек. Анын негизинде Жогорку сотко арыз даярдалат.

Бишкек шаардык соту 9-августта Сапар Исаковдун бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырган. Биринчи май райондук соту 31-июлда тергөөнүн өтүнүчү менен анын абактагы мөөнөтүн 5-октябрга чейин узарткан эле. Адвокат "Сапар Исаковду камакка алуу мыйзамсыз болгон" деп, анын абактагы мөөнөтүн өзгөртүү тууралуу кассациялык арыз менен шаардык сотко даттанган.

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоого байланыштуу кылмыш ишинин алкагында айыпталган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 5-июнда камакка алынган.

Ал өзү бул иште "саясий боёк" бар экенин айтып келет. Бейшемби күнкү отурумда Исаков тергөөгө жардам берүүгө даяр экенин билдирип, бөгөт чарасын өзгөртүүнү сураган.

XS
SM
MD
LG