Каракол шаарынын мэри кызматтан алынса, шаар башчылыгына "Табылга" фракциясы кайрадан талапкер көрсөтүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу шаардык кеңештеги аталган фракциянын лидери Туратбек Акимканов "Азаттыкка" билдирди.
31-июлда көпчүлүк депутаттар мэр Данияр Арпачиевге ишеним көрсөтпөө жөнүндө чечим кабыл алган. Тийиштүү документ премьер-министрге жиберилген.
Данияр Арпачиев кызматка 2016-жылдын февралында шаардык кеңештеги көпчүлүктүн колдоосу менен шайланган. Аны КСДП жана "Табылга" фракциялары көрсөткөн.
Каракол шаардык кеңешинде беш фракциядан 31 депутат бар. Алар Арпачиевдин 2017-жыл үчүн отчетун да "канаттандыраарлык эмес" деп табышкан. (AsM)