Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:49

Медведев АКШнын санкцияларын "экономикалык согуш" деп атады


Орус премьер-министри Дмитрий Медведев.
Орус премьер-министри Дмитрий Медведев.

Орус премьер-министри Вашингтондун Москвага каршы санкцияларды күчөтүү аракетин "экономикалык согуштун жарыяланышы" катары мүнөздөсө болорун билдирди. Дмитрий Медведев Москва мындай чараларга жооп кайтара турганын 10-августта эскертти.

"Эгер банктардын ишмердигине же кайсы бир валютаны колдонууга байланыштуу чектөөлөр киргизиле турган болсо, анда аны түз эле "экономикалык согуштун жарыяланышы" деп атаса болот. Ал согушка экономикалык, саясий же керек болгон учурда башка ыкмалар менен жооп кайтарууга туура келет", - деди орус өкмөт башчысы.

Медведев санкциялар Орусияны эл аралык айдыңдагы күчтүү атаандаштардын катарынан сүрүп чыгуу максатында киргизилип жатканын кошумчалады.

Эки күн мурда АКШ Британияда мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипаль менен анын кызы Юлиянын "Новичок" химиялык заты менен ууландырылышына байланыштуу Орусияга санкция саларын жарыялаган. 22-августта күчүнө кире турган жаңы чараларга ылайык, электроника, газ турбиналарынын кыймылдаткычтары сыяктуу АКШда чыгарылган технологиялык жана өндүрүштүк жабдууну Орусияга экспорттоого тыюу салынат. Кремль "Скрипалдарды ууландыруунун артында Москва турат" деген дооматтарды четке кагып келет.

Мындан тышкары айрым америкалык сенаторлор Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизе турган мыйзам долбоорун Конгресске сунуш кылган. Анда орусиялык банктардын доллар эсептерин жабуу сыяктуу чаралар каралган.

XS
SM
MD
LG