Каракол шаарында кызганычтан улам сүйлөшкөн кызынын батирин өрттөөгө шектүү катары жаш жигит тууганы менен кармалды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.
Анын айтымында, милицияга 6-августта саат 03:30 чамасында көп кабаттуу үйдөгү батирлердин биринен өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге милициянын ыкчам тобу барып, өрт өчүрүүчүлөр менен жалынды өчүрүшкөн.
Өрткө каршы кызматтын эксперттери "өрт атайын коюлган" деп болжолдошкон. Милиция кызматкерлери батирдин ээси Каракол шаарынын 38 жаштагы тургуну экенин аныкташкан. Буга чейин батир медициналык коллеждин мурдагы директору, маркум Анарбүбү Апсалиевага тиешелүү болгон.
Милиция кызматкерлери өрттөөгө шектүү деп 18 жана 19 жаштагы жигиттерди кармашты. Алар кылмышты мойнуна алышкан.
Көрсөтмө учурунда белгилүү болгондой, шектүүлөрдү бири сүйгөн кызын - Анарбүбү Апсалиеванын кызын кызганып, андан өч алууну чечкен. Үйдө эч ким жок экенинен пайдаланып, тууганы экөө батирге балкон аркылуу кирип, кыздын бөлмөсүнө бензин чачып өрттөп жиберген.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 174-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту менен (атайын өрттөө) кылмыш иши козголду. Шаардык соттун чечими менен шектүүлөр үй камагына чыгарылган. Тергөө уланууда. (AsM)