Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:20

Пакистандык аскерлер Орусияда машыгуудан өтө башташат


Пакистандык аскер Белужистан провинциясынын Ооганстан менен чектешкен аймагын кайтарууда. 8-май, 2018-жыл.
Пакистандык аскер Белужистан провинциясынын Ооганстан менен чектешкен аймагын кайтарууда. 8-май, 2018-жыл.

Пакистандын армия кызматкерлери Орусияда аскердик даярдыктан өтө баштайт. Мындай жобо эки өлкөнүн ортосундагы аскердик кызматташтык боюнча келишимде камтылган.

Бул келишим Орусиянын коргоо министринин орун басары Александр Фомин бул аптада Пакистанда эки күндүк иш сапарында жүргөндө макулдашылды. Анын жоболору эки өлкөнүн жогорку армия өкүлдөрүнүн 9-августта Москвадагы жолугушуусунда да талкууланды.

Орусиянын Коргоо министрлиги билдиргендей, макулдашуу пакистандык жоокерлерге Орусиянын аскердик мектептеринде жана жогорку окуу жайларында билим алууга жол ачат.

Москва менен Исламабаддын ортосундагы бул келишим Пакистан менен анын көптөн берки аскердик өнөктөшү - АКШнын алакасы чыңалып турган учурга туш келди. Вашингтон Пакистандын бийлигин "согушкерлерди жок кылыш үчүн жетиштүү аракет көрбөй, коңшу Ооганстандагы согушка май тамызып жатат" деп айыптап, бул өлкөгө берилип келген коопсуздук тармагындагы жардамын токтотуп койгон.

XS
SM
MD
LG