Жыйырма жылдан ашуун убакытка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин Каспий боюнда жайгашкан беш мамлекет деңиздин мыйзам жүзүндөгү макамы боюнча конвенцияга кол койгону жатышат. Кремлдин басма сөз кызматы кабарлагандай, документке Азербайжандын, Ирандын, Казакстандын, Орусиянын жана Түркмөнстандын президенттери Актау шаарында 12-августта өтө турган саммитте кол коюшат.
Каспийди деңиз же көл деп таануу маселеси 1991-жылы Советтер Союзу ыдырагандан бери талкууланып келет. Союздун курамынан чыккан төрт мамлекет жана Иран 22 жылдан бери Каспийдин мыйзамдык статусу боюнча келишимдин жоболорун сүйлөшүп келатышат.
Каспийде 50 миллиард баррел мунай, 9 триллион куб метр жаратылыш газы бар. "Деңиз" же "көл" деген макамдар Каспийди бөлүшүү жана чектерди аныктоо маселесинде эки башка жолду көрсөтөт. "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун колуна тийген документтин долбооруна ылайык, Каспийге "деңиз" деген макам ыйгарылышы мүмкүн.
Актау шаарында кол коюла турган бул документ Каспийдин түбүндө газ куурларын жайгаштырууга мүмкүнчүлүк түзөрү кабарланып жатат. Ошондой эле келишимге ылайык, Каспийде беш мамлекеттен башка өлкөлөрдүн аскердик күчтөрүн жайгаштырууга тыюу салынат.