Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:40

Түркияда доллар кымбаттады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

10-августта Түркияда бир доллар 6,24 лирага көтөрүлүп, бир жумада 11 пайызга кымбаттады. Өлкөнүн борбордук банкы 6-августта лиранын күчүн сакташ үчүн 2 миллиард 2 миллион доллар интервенция кылганы кабарланды.

Серепчилер өлкөдө доллар менен евронун кымбатташына Түркия менен Американын саясий келишпестиги себеп болуп жатат деп божомолдошууда.

Түркиянын Миграция департаменти 2017-жылы 700 миңге жакын чет өлкөлүк жаранды каттаган. Алардын 20 миңге жакыны кыргызстандыктар. Арасында эки миңге жакыны гана эмгек визасы менен иштесе, дээрлик көпчүлүгү бир жылдык туристтик виза менен Анкара, Стамбул, Анталия сыяктуу шаарларда эмгектенет. Алардын көбү "маянаны доллар менен алабыз" деп келишим түзгөнү менен иш жүзүндө эмгек акы лира менен төлөнөрүн айтып жүрүшөт. (ElB)

XS
SM
MD
LG