Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:21

Кыргызстандык ди-джейдин музыкасы мыктылардын катарына кирди


Руслан Саскеев.
Руслан Саскеев.

Кыргызстандык ди-джей, музыкант Руслан Саскеевдин "Deep mix" жанрындагы музыкасы "Mixcloud" сайтынын эки чартында мыкты деп табылган 100 музыканын катарына кошулду. Бул тууралуу Саскеев "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, бул музыка дүйнүдөгү мыкты микстердин ичинен 71-орунду алган. Музыка Тажикстандын борбору Дүйшөмбүгө баргандагы таасирлерди чагылдырат.

"Deep mix" - электрондук багыттагы музыка.

"Mixcloud" — музыкалык шоу, подкаст менен диджейлердин микстерин чогулткан сервис. Анда мыкты музыкалардын тизмеси түзүлүп турат.

"Mixcloud" сервисине белгилүү диджейлер жана музыканттар чыгармаларды жүктөшөт. Алардын арасында Carl Cox, Jeff Bennett, Fatboy Slim, Moby, DJ Shadow жана башкалар бар.

Буга чейин Саскеевдин Бишкекте өткөн "Музейлер түнү" акциясына арналган алгачкы "Сэт" жанрындагы эмгеги аталган сайттагы эл аралык чарттардын биринде 96-орунга ээ болгон.

XS
SM
MD
LG