Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:59

Макрон Сенцовдун маселеси боюнча Путин менен сүйлөштү


Олег Сенцов.
Олег Сенцов.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон үч айга жакын Орусиянын түрмөсүндө ачкачылык кармап отурган украин режиссеру Олег Сенцовдун маселеси боюнча орус президенти Владимир Путин менен сүйлөштү. Бул тууралуу француз президентинин кеңсеси 10-августта кабарлады.

"Республиканын президенти Сенцовдун абалы кескин начарлаганына байланыштуу өз тынчсыздануусун президент Путинге билдирди. Орусиянын мындай жагдайда гуманитардык чечим табышы маанилүү экени белгиленди",-деп айтылат расмий маалыматта.

Сенцовдун абалы кескин начарлап кеткенин эки күн мурда анын адвокаты менен бөлөсү билдирген. Адвокат Дмитрий Динзе түрмөгө барып, режиссердун абалын көрүп келгенден кийин Сенцов 30 килограммга арыктаганын, тамырынын соккону солгундап, бир мүнөттө 40 жолу кагып калганын айткан. Ага карабастан, режиссер ачкачылыгын токтотуп, ооруканага жатуудан баш тартып жатат.

Макрон Путин менен буга чейинки кездешүүлөрүндө да Сенцовдун маселесин көтөргөн. 10-августта Европа Биримдиги да орус бийлигин Сенцовду ооруканага которууга, ага медициналык жардам көрсөтүүгө чакырды.

Буга чейин айрым мамлекеттер Путинди Сенцовго кечирим берүүгө үндөшкөн. Бирок Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков ал үчүн режиссер өзү кечирим сурап кайрылышы керек экенин айткан.

10-августта Сенцовдун абакта ачкачылык кармап отурганына 89 күн болду. 14-майдан бери Ямало-Ненецк округундагы Лабытнанги шаарынын "Ак аюу" деген түрмөсүндө ачкачылык кармап отурган режиссер Орусиянын абактарынан 64 украиналык саясий айыпкерди бошотууну талап кылып жатат.

Ал 2014-жылы Орусия өзүнө каратып алган Крымда кармалган. 2015-жылы Орусиянын соту аны "жарым аралда теракт даярдаган" деген айып менен 20 жылга кескен.

XS
SM
MD
LG