Вашингтон штатындагы Сиэтл аэропортунун кызматкери "Q400" үлгүсүндөгү учакты уурдап айдап кетип, Пьюжет булуңуна барып кулаган. Бул тууралуу ишемби күнү аэропорттун "Твиттердеги" расмий баракчасында жарыяланды. Маалыматка караганда, Horizon Air компаниясына таандык учакта жүргүнчүлөр болгон эмес.
Сиэтл аэропортундагы каттамдар токтотулуп, кайра жанданды. Окуя болгон жерге АКШнын Жээктеги куткаруучулары барып, иликтөө-тергөө иштерин жүргүзүүдө. (КЕ)