Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:32

Өзбекстанда абитуриенттерди окууга өткөрүп акча тапкан топ кармалды


Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын алдындагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү департаментинин кызматкерлери Самарканд облусунда абитуриенттерге сынак тапшырууда жардам берүү менен алектенип жүргөн адамдардын тобун кармашты. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар көзөмөл органдын медиаборборуна шилтеме кылып жазышты.

Укук коргоо кызматкерлери алгач топтун мүчөлөрүнүн бири аванс катары 3 миң доллар алып жаткан жеринен кармашкан. Тергөөнүн версиясы боюнча кылмыштуу топту Аброр Акрамжонов аттуу жаран негиздеген.

«Акрамжонов кардарларды, тагыраагы акча берүүгө даяр абитуриенттерди табуу менен алектенген. Жардамчысы башка абитуриенттер үчүн сынак тапшыра ала турган балдар жана кыздар үчүн жооп берген. Алар кардарларына бир аз окшош болсо өздөрү кирип, болбосо байланыш каражаттары аркылуу сынак тапшырууга жардам берип келишкен», – деп айтылат билдирүүдө.

Кылмыштуу топтун мүчөлөрү убактылуу жашаган батирдеги тинтүүнүн жүрүшүндө 27 жарандык паспорт жана алардын 97 көчүрмөсү,13 каттоо кагазы, абитуриенттердин тизмеси жана башка документтер табылган.

Аброр Акрамжоновго жана топтун башка мүчөлөрүнө карата «Ири алдамчылык үчүн кутумга баруу», «Кылмыштуу иште шериктеш болуу» жана «Пара берүү» беренелери менен кылмыш иши козголду.

XS
SM
MD
LG