АКШ жана Франциянын президенттери Дональд Трамп менен Эммануэл Макрон телефондон сүйлөшүп, Иран менен болгон мамилени, Америка киргизген жаңы санкцияларды жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды талкуулашты. Бул тууралуу "Франс пресс" агенттиги француз президентинин администрациясына шилтеме кылып жазып чыкты. Сүйлөшүү болгонун буга чейин Трамп "Твиттердеги" баракчасына жазган. Ал Макрон менен ар кайсы темада, анын ичинде коопсуздук жана соода маселеси талкууланганын билдирген.
"Франс пресс" сүйлөшүү Макрондун администрациясынын демилгеси менен болгонун, муну менен соңку апталарда талкууланган маселелердин уландысын сүйлөшүү, жакынкы күндөрү боло турган дипломатиялык кеңештерди даярдоо максаты турганын жазды.
АКШ жана Франция президенттеринин телефондон сүйлөшүүсү жеңил болбогону, мындан кийин Макрон эс алууда жүргөнүнө карабай Орусия президенти Владимир Путин жана Германия канцлери Ангела Меркел менен телефондон Сириядагы абал боюнча сүйлөшкөнү кабарланды.