Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча ыкчам штабдын кеңешмесин өткөрдү.
Ал алдыда жооптуу жана зор иштер турганын белгилеп, мелдештерге даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча акыркы чараларды көрүп, тийиштүү маалыматтарды белгиленген мөөнөттө берип турууну тапшырды.
Вице-премьер-министр Көчмөндөр оюндарынын иш-чараларынын алкагында мелдештерди өткөрүүгө тартылган ар бир мамлекеттик органдардын өкүлдөрү курамына кирген жергиликтүү штабдарды уюштурууну тапшырды.
Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-сентябрда ачылып, 8-сентябрга чейин уланат. Ага 57 мамлекеттен келген 1946 спортчу катышып, улуттук спорттун 37 түрү боюнча күч сынашат.
Оюндарда жалпы 594 медаль ойнотулат. Анын 174ү алтын. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары эки жылда бир Кыргызстанда өтүп келе жатат. (КЕ)