Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:55

Киев Орусиядагы саясий туткундар боюнча Европа сотуна кайрылды


Адам укуктары боюнча Европа соту.
Адам укуктары боюнча Европа соту.

Киев Орусиядагы саясий туткундарга байланыштуу адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрылды. Бул тууралуу Украинанын Юстиция министринин орун басары Иван Лищин "Фейсбук" баракчасына жазды. Анын белгилешинче, сөз 71 саясий туткун тууралуу болуп жатат.

Киев адам укуктары боюнча конвенциянын бир катар беренелери, анын ичинде кыйноо, жеке эркиндиги жана оюн эркин билдирүү укуктары бузулуп жатканын айтып, Москваны айыптап келет.

Адам укуктары боюнча Европа соту орус бийлигине кайрылып, украин режиссеру Олег Сенцовдун дарылануусуна уруксат берүүгө чакырган.

20 жылга эркинен ажыратылган Сенцов 14-майдан бери ачкачылык кармап жатат. Украиналык кинорежиссер 2014-жылы май айында Крымда кармалган. Кийин Орусиянын соту аны "жарым аралда теракт даярдаган" деген айып менен 20 жылга кескен.

Сенцов күнөөсүн мойнуна алган эмес жана Орусия койгон айыпты толугу менен четке каккан. Ал Кремлге жиберген билдирүүсүндө Орусиянын абактарынан саясий негизде кармалган 64 украиналык жаранды бошотууну талап кылган.

Июндун соңунда Украинанын омбудсмени Людмила Денисовага Орусиянын Ямало-Ненецк округундагы Лабытнанги шаарынын "Ак аюу" деген түрмөсүндө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Сенцовго жолугушууга уруксат берилген эмес.

XS
SM
MD
LG