Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:34

Бухаресттеги нааразылык акциясында 400дөн ашуун киши жабыркады


Румыниянын борбору Бухаресттеги нааразылык акциясында 400дөн ашуун киши жабыркады. Өлкө боюнча нааразылыкка чыккандар өкмөттүн отставкасын жана парламенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылышты. Алар бийликтеги Социал-демократтар партиясын коррупцияга айыптап, аны “Уурулардын партиясы” деп атап жатышат. Ар кайсы маалымат булактарына караганда, акцияга 60 миңден 100 миңге чейин адам катышты.

Митингчилер алгач Бухаресте борбордук аянтка чогулуп, жол кыймылын бууп турушкан. Кийин алар суу куюлган бөтөлкөлөрдү ыргыта баштаган. Полиция жандармы акция катышуучуларын кысып, көздөн жаш агызуучу газ колдонуп, суу менен аткылаган. Үн чыгаруучу граната колдонгон.

Президент Клаус Йоханнис бул аракетти айыптап, Ички иштер министрлигинин башчысынан тез арада жооп берүүсүн талап кылды.

Нааразылык акциясын өткөрүүнү чет жактарда иштеп жана жашап жаткан румындар демилгелеген. Батыш Европада 3 миллиондон 5 миллионго чейин Румыниянын жараны жашап, иштеп жатат.

Румындар коррупцияга каршы митингге чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:33 0:00

XS
SM
MD
LG