Монголиянын түштүк-чыгышында жүргүнчү ташыган поезд жолдон чыгып, алты адам жабыркады. Алардын үчөө балдар. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги жазды. Вагондо 328 жүргүнчү болгон. Окуя болгон жерде куткаруучулар иштеп жатат. Кырсыктын себептери иликтенүүдө.