Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:30

13-августтун аба ырайы


Суусамыр
Суусамыр

Кыргызстандын аймагында 13-августта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо жаан карга айланышы ыктымал.

Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо жаан, кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11...16, күндүз 25...30;

Талас жергесинде түнкүсүн 8...13, күндүз 23...28;

Баткен облусунда түнкүсүн 15...20, күндүз 27...32;

Ош, Жалал-Абад облустарында 14...19, күндүз 26...31;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 8...13, күндүз 20...25,

Нарын облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 22...27;

Бишкекте 13-августта түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16, күндүз 28…30 градус болот.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG