Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:27

 “Талибандын” өкүлдөрү өзбек дипломаттары менен жолукту


Абдулазиз Камилов, Өзбекстандын тышкы иштер министри.
Абдулазиз Камилов, Өзбекстандын тышкы иштер министри.

“Талибан” кыймылынын Доха шаарындагы саясий кеңсесинин башчысы Шир Мухаммад Аббас Станикзай башында турган делегация 7-10-август күндөрү жумушчу сапар менен Өзбекстанга барды. Кыймылдын өкүлдөрү Тышкы иштер министрлигинде болуп, тараптар Ооганстандагы тынчтык жараянынын келечеги тууралуу сүйлөштү. Бул тууралуу Өзбекстандын ТИМи билдирди.

"Талибан" кыймылы Ооганстандын аймагында дээрлик чейрек кылым согушуп келген, региондогу ири аскердик топтордун бири.

Буга чейин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев ооган өкмөтү менен «Талибан» кыймылынын ортосунда тынчтык сүйлөшүүлөрүн уюштурууну сунуш кылган. Ушул жылдын 26-майында Ташкентте Ооганстан боюнча эл аралык конференция өтүп, ага “Талибандын” өкүлдөрү да чакырылган. Бирок талиптер ага барган эмес.

XS
SM
MD
LG