Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:24

Жалал-Абадда чагылгандан бир адам каза болду


Аксы районундагы Жаңы-Жол айылынын 38 жаштагы тургуну 12-августта, эртең мененки саат сегиз жарым чамасында чагылган тийип каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Токтобек Шадыканов аттуу тургун чөп чаап жаткан учурда чагылган түшкөн. Маркум ошол учурда телефон менен сүйлөшүп жаткан жана денесинин көпчүлүк бөлүгү күйгөн. ӨКМ, милиция кызматкерлери кырсык болгон жерге барып, тиешелүү иш-чараларды жүргүзүштү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG