Калкты үй менен камсыздоодо турак жайларды куруунун темпи өстү. Бул тууралуу бүгүн, 12-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев куруучулардын кесиптик майрамы менен куттуктаган сөзүндө билдирди. Өкмөт башчы пайдаланууга берилген объекттердин саны өсүп, архитектуралык дизайн өнүгүп жатканын белгилеген.
- Курулуш тармагы ички дүң өндүрүмдүн өсүүсүнө таасир берүү менен өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө маанилүү салым кошот. Куруучулар алдыңкы технологияларды колдонуп, көптөгөн курулуштарды, анын ичинде социалдык объектилерди ийгиликтүү куруп жатышат. Ошентип жаңы мектептер, бала бакчалар, ооруканалар, сугат түтүктөрү жана жолдор курулуп, калктын жашоо- шартын жакшыртууну өбөлгөлөп жатат”, - деген Абылгазиев.
Эксперттер Кыргызстанда курулуш тармагы акыркы бир-эки жылда кайрадан ирденип, жакшы өнүгүп жатканын белгилеп келет. Муну сыртта иштеген кыргызстандыктар которгон акчаны көлөмү өскөнү, үй алгандар көбөйгөнүнө байланыштырат. (КЕ)